Чек арадагы айылдарды тазалоого 300 ыктыярчы келди

Жергиликтү бийликтин маалыматына ылайык Баткен облусунда ыктыярчылар жабыркаган объектилерди тазалоого жардам берүүдө. Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан Баткен районунун кыргыз-тажик чек арасындагы жабыркаган үйлөрдү калыбына келтирүү иштерине 300 ыктыярчы тартылды. Райондун айыл өкмөт кызматкерлери, айыл активисттеринен турган ыктыярчылар Ак-Сай айылын тазалоо иштерине жардам берди.